Главная » Файлы » Кыргызская музыка

Айжамал Кабылова "Биймерген"
[ · Скачать удаленно () ] 13.08.2014, 07:27

 

Текст песни Айжамал Кабылова "Биймерген"

Бийдин башы биймерген бий деп келгенбиз, 
Жалгыз кылбай жашоону миңдеп келгенбиз.
Жакшы менен жаманды иргеп келгенбиз,
Желек кылып кайышты ийлеп келгенбиз,
Жер замандан бери эле бийлеп келгенбиз.

Кайырма:
Кел, келгиле бийлейли,
Кел-келибиз бир келди.
Келечек доор бир болсун,
Кең дүнүйө пир болсун.
Бириктирген кыргызды
Биздин бий болсун.

Эзелкинин шаңы бар элдин бийинде,
Эй, кыз-жигит, канакей эргип күлүңдө.
Күлүк деген күнүндө, күлкү үнүндө,
Сезим селдеп бий болсун сенин үйүңдө.
Тулпар деген тушунда кызык ушунда.
Кайырма:

Кел, баарыңар, кел, бийге, келген эл бирге,Түндү күнгө айлантып түшсүн жер бийге.Канаты бар элденбиз, кана, кел, бийле, Кудай берген бактыбыз кууса кетпесин,Теңир берген бактыбыз тепсе кетпесин!

Кайырма:

Ала-Тообуз пир болсун!
Атпай кыргыз бий болсун?
Кол кармашкан элдерди
Кошуп турган бий болсун.
Кыргыз үнүн ааламга созгон бий болсун!
Аккуладай закымдап озгон бий болсун!

Категория: Кыргызская музыка | Добавил: Mirlan | Теги: Айжамал Кабылова
Просмотров: 6066 | Загрузок: 3151 | Рейтинг: 0.0/0
close